Грузин телеканалдарынын маалыматына караганда, дүйшөмбүдө Грузиянын баш калаасында бир да станция иштеген жок. Президенттик администрация Тбилисинин мэрин метрополитендин машинисттери менен диалог жүргүзүүгө чакырды. Метро кызматкерлери айлык акыны көтөрүүнү жана жумуш шартын оңдоону талап кылышууда. Бир канча адам ачкачылык да кармап жатат.
Тбилисинин мэри түзүлгөн транспорттук оор кырдаал үчүн борбор шаардын тургундарынан кечирим сурады.
Метро жумушчуларынын иш таштоосу акыркы күндөрү грузин бийлигинин экинчи баш оорусуна айланды.
Грузиянын борборунда беш күндөн бери миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары өтүп жатат. 31-майда Тбилиси соту декабрдагы мушташта өлгөн эки окуучунун өлүмү боюнча өкүмүн угузган. Анда айыпталып жаткан эки өспүрүм "маркум Давид Саралидзенин өлүмүнө тиешеси жок" деп жарым-жартылай акталган. Андан тышкары мушташка катышкан башка балдар, арасында Башкы прокуратурадагы жогорку кызматта иштеген кишинин уулу жоопко тартылган эмес. Мына ушул көрүнүшкө каршы болгон маркумдун атасы Заза Саралидзе митингге чыккан.
Аны миңдеген грузиялыктар колдоду. Баштапкы мүдөө башкы прокурорду кызматтан кетирүү болчу. Ал 31-майда кызматын тапшырган соң толкугандар эми өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылып, парламенттин алдынан кетпей, чатыр тигип жашап жатышат. Грузияда митингге оппозиция кошулуп, иш-чара саясий өңүт алып кетти.
Өкмөт башчы Георгий Квирикашвили бүгүн киши колдуу болгон өспүрүмдүн атасы Заза Саралидзени кабыл алды. Жолугушуудан кийин ал 10-июнга чейин иликтөө боюнча конкреттүү иштер жасалбаса, акция кайра уланарын билдирди. Саралидзе "окуяга күнөөсү бар бардык адам кармалышы керек" деген талап койгон жана ал "бул коррупциялык система толук жоюлушу керек" деп көшөрүүдө.
Давид Саралидзенин өлүмү боюнча парламенттик иликтөө тобун түзүү 6-июнда каралат. Анын оппозиция өкүлү жетектей турганы айтылууда.