Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Чек ара кызматы: Баткендеги жаңжалга тажик тараптын аракети түрткү болду


Чек арадагы окуя тууралуу "Азаттыкка" жиберилген сүрөт. 4-июнь, 2018-жыл.
Чек арадагы окуя тууралуу "Азаттыкка" жиберилген сүрөт. 4-июнь, 2018-жыл.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткендеги 4-июнда болгон окуя тууралуу түшүндүрмө берип, жаңжалга тажикстандык чек арачылардын мыйзамсыз аракеттери себеп болгонун билдирди.

Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү тараткан билдирүүдө 4-июнда кечке жуук Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда чатак чыкканы ырасталган.

Маалыматка караганда, тажик чек арачылары биринчи болуп эскертүү иретинде асманга ок аткан. Анда ошого чейин тажикстандык аскерлер макулдашыла элек линиядан өтүп келип, “Футбол талаасы” участкасында соода кылган Кыргызстандын жарандарын кубалаганы, бул аракет мыйзамсыз болгону, алар кыргыз тараптын "маселени мындай жол менен чечүүгө болбойт" деген эскертүүсүнө жана макулдашылбаган участоктон чыгып кетүү тууралуу талабына баш ийбей, кайра өздөрүн агрессивдүү алып жүрүп, мушташка себепкер болгону, андан кийин асманга ок атышканы жазылган.

Мекеменин билдирүүсүндө бул аракеттерден кийин тажик аскерлери Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалган. Окуядан кийин Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анын жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганы кабарланган жок.

Тажикстан тарап комментарий бере элек.

Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткендеги өкүлдөрү "Азаттыкка" "Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келди" деп эсептелген үч тажикстандык чек арачы курал-жарагы менен кармалганын айткан.

"Ушул окуяда тартылган" деген видео Интернеттеги социалдык тармактарга да тарады. Анда кыргызча сүйлөгөн аскер кийимчен, колуна курал-жарак кармаган жоокерлер башка аскер адамдары менен жаңжалдашып жатканын көрүүгө болот. "Азаттыкка" жергиликтүү тургундар жиберген сүрөттөрдө кармалган тажикстандык чек арачыларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы тартылган. (NT)

XS
SM
MD
LG