Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Бажыдагы коррупция боюнча 99 кызматкерге кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бажы тармагындагы коррупция боюнча 2017-2018-жылдары 15 факты катталып, андан мамлекетке 450 млн. сомдук зыян тийгени аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Шамил Бердалиев Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул фактылар боюнча 99 кызматкерге 11 кылмыш иши козголгон. Иш козголгондордун тогузу ардагерлер.

Өткөн аптада Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камакка алынган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы бүгүн тараткан маалымат ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын башкармалыктарынын биринин мурдагы башчысы Замирбек Ниязалиев да тергөө бүткүчө камакка алынды.

Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде иш козголгон. Алардын мыйзамсыз аракеттеринин айынан мамлекетке бажы төлөмдөрү түшпөй, 166 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени кабарланууда. (EBM\ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG