Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Немис дарыгерлери Бишкекте күйүктөн жабыркагандарга жардам берип жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга 3-июнда Германиядан комбустиолог-дарыгерлердин тобу келди. Алар Бишкектеги Травматология жана илим изилдөө институтундагы күйүк бөлүмүндөгү бейтаптарды дарылоого көмөктөшөрүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Берлиндеги Күйүк борборунан келген тогуз адис жергиликтүү дарыгерлерге заманбап дарылоо жаатында мастер-класстарды өтүп жатышат.

Немис дарыгерлери бейтаптарды текшерип, бир күндө эле ондон ашык операция жасоодо. Чет элдик адистер ооруканада 17-июнга чейин болушат. (BCh)

XS
SM
MD
LG