Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 12:34

Трамп менен Ким Сингапурда 12-июнда эртең менен жолугат


Президент Дональд Трамп Түндүк Кореянын өткөн аптада АКШда болгон чабарманы Ким Йоң Чол менен. Вашингтон, 1-июнь, 2018-жыл.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу Сингапурда 12-июнь күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат тогузга белгиленүүдө.

Ал эми АКШ менен Түндүк Кореянын өкүлдөрү саммитке даярдык боюнча сүйлөшүүлөрдү Түштүк жана Түндүк Кореянын ортосундагы демлитаризациялык аймакта улантып жатышат. Азырынча саммиттин толук күн тартиби жарыялана элек.

Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс Түндүк Кореянын лидеринин орун басары Ким Йоң Чол президент Дональд Трампка өткөн аптада тапшырган катты “абдан кызыктуу” деп мүнөздөдү, бирок анын мазмунун ачыкка чыгарган жок.

Трамп өзү өткөн апта соңунда Ким менен болчу сүйлөшүүлөрүнөн Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу маселесинде “абдан жакшы натыйжаларды” күтүп жатканын белгилеген.

Түндүк Кореянын лидери былтыр ракеталарын улам-улам сынагандан кийин быйыл жыл башынан бери өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаган ниетин көргөзүүдө.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган өз санкцияларын киргизген. Ал санкциялардын баары азыр да күчүндө. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG