Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу


Кулунду айылы. Жергиликтүү тургундар сүйлөшүүнүн жыйынтыгын күтүп турушат. 5-июнь, 2018-жыл.
Кулунду айылы. Жергиликтүү тургундар сүйлөшүүнүн жыйынтыгын күтүп турушат. 5-июнь, 2018-жыл.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы чатак чыккан тилкеде абал туруктуу экенин билдирди.

Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү тараткан билдирүүдө айтылгандай, чырдан кийин дароо эле Кыргызстандын Лейлек районундагы жана Тажикстандын Жаббар-Расулов аймагындагы эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолуккан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин чатак учурунда кармалган тажик чек арачылары коңшу тарапка өткөрүлүп берилген. Чек ара өкүлдөрү ошондой эле окуя боюнча ар кимиси өз алдынча прокуратуранын катышуусу менен бир тараптуу иликтөө жүргүзүүнү макулдашкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, 6-июнда эки өлкөнүн чек ара кызмат башчыларынын жолугушуусу күтүлүүдө. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жана мындай чатактарды кайталанышынын алдын алган чараларды талкуулашат.

Учурда Кыргызстандын чек арачылары жергиликтүү органдардын кызматкерлери менен кошо чек аралаш аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кечээ, 4-июнда кечке жуук Баткендин Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда чатак чыккан. Кийин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чатак чыкканын ырастап, билдирүү тараткан.

Анда тажик чек арачылары биринчи болуп эскертүү иретинде асманга ок атканы, тажикстандык аскерлер макулдашыла элек линиядан өтүп келгени айтылган. Коңшу өлкөнүн чек арачылары “Футбол талаасы” участкасында соода кылган Кыргызстандын жарандарын кубалаганы, бул аракет мыйзамсыз болгону, алар кыргыз тараптын "маселени мындай жол менен чечүүгө болбойт" деген эскертүүсүнө жана макулдашылбаган участоктон чыгып кетүү тууралуу талабына баш ийбей, кайра өздөрүн агрессивдүү алып жүрүп, мушташка себепкер болгону, андан кийин асманга ок атышканы жазылган. Мындан кийин бир нече тажик аскерлери Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалган.

Ал арада Тажикстандын Чек ара кызматы да билдирүү таратып, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматын окуяга “эрте баа берди” деп сынга алды. Алар ошондой эле Кыргызстан жарыялаган версиялар чындыкка төп келбей турганын билдирди. Тажик чек арачылары ошондой эле "чатакты кыргыз тарап алдын-ала даярдаган" деп кабарлап, кыргыз чек арачылары асманга биринчи ок атканын айтууда.

Тажикстандын Чек ара кызматы ошондой эле алардын колго түшкөн чек арачыларын кыргыз тарап катуу сабаганын, бул мурда жетишилген макулдашууларга каршы келерин билдирди. Коңшу тарап ошондой эле бул фактыны бирге иликтөөдөн кыргыз тарап баш тартканын, натыйжада алар өз алдынча кызматтык иликтөө баштаганын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG