Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:31

Кубанычбек Кулматовду УКМКдан сотко алып кетишти


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрадан суракка чакырылган Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов атайын кызматтын имаратына саат 15.00дө кирип, 3 жарым сааттан кийин чыкты. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди. Кулматов чыккандан кийин журналисттерге УКМКдан Биринчи май райондук сотуна баратканын айтты.

Кулматовго 18-майда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган, үйү тинтүүгө алынып, мүлкү камакка алынган. Ал буга чейин да УКМКга бир нече жолу суракка чакырылган.

Тергөө Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган.

Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG