Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 09:53

Иран МАГАТЭге уран байытуу кубатын кеңейтүүгө киришкенин кабарлады


Ирандын центрифугалары. 2013-жылы тартылган сүрөт.

Өлкөнүн вице-президенти жана Атомдук энергетика боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехинин 5-июнда билдиргенине караганда, Ирандын тиешелүү каты Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин Венадагы баш кеңсесине тапшырылды. Бирок Салехи Иран 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди сактай турганын жана анын өзөктүк ишмердиги ошол келишимде каралган чекте калаарын да кошумчалады.

Анын айтымында, Иранда жаңы центрифугаларды жасоого киришүү жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин көрсөтмөсүнө ылайык жасалууда. Хаменеи өкмөткө 2015-жылдагы келишим иштебей калган шартта уранды байытууну кайра жандандырууга даяр турууну тапшырган.

Центрифуга - уран байытууда колдонулуучу негизги жабдуу.

АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн айда анын өлкөсү 2015-жылдагы келишимден чыкканын жарыялаганда, Иран баллистикалык ракеталарды сыноо, Жакынкы Чыгышта террордук ишмердикти колдоо аркылуу келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. Анын калган катышуучулары: Британия, Франция, Германия, Кытай, Орусия жана Иран азырынча келишимди сактай турганын айтышууда.

Келишимге ылайык, Иран өзөктүк программмасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна Тегеранга каршы мурда киргизилген экономикалык санкциялар жоюлган.

2013-жылы Иранда центрифугалардын саны 27 миң даанага жакындап барган, алардын 19 миңи өндүрүш максатында жайгаштырылган болчу. Ал эми байытылган урандын өлкөдө топтолгон өлчөмү 12 миң килограммга жеткен.

2015-жылкы көп тараптуу келишимде Ирандын уранды байытуусуна он жылдык чектөө коюлган. Бул мезгил ичинде ал уранды байытыш үчүн колдоно ала турган центрифугалардын саны 5060тан ашпашы керек, байытылган урандын өлкөдөгү өлчөмү он беш жыл ичинде 300 килограммдан көбөйбөй турууга тийиш, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,97% жогору болбошу зарыл. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG