Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камакка алынды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев чыгарды.

УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү Сапар Исаковдун бөгөт чарасы тергөө аяктаганга чейин камакка алууга өзгөртүлгөнүн кабарлады. Мекеменин маалыматында 29-майда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралганы эске салынган.

Исаков бүгүн сурак бериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке төртүнчү жолу (УКМК) келген. Кирип баратып ошол жерде турган журналисттерге “мыйзамды сыйлаган киши катары ар бир суракка убагында келип жатканын” айткан.

Сапар Исаков камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 миллион доллар Кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн 29-майда Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү ага айыбы угузулуп, "эч жакка чыкпоо" жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген. Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалаган.

17-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, 386 млн. доллар кытай насыясынын максатсыз сарпталышына байланыштуу айрым аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Ал токтомдо ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт да бар. (NT)

XS
SM
MD
LG