Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:14

Ошто Мырзакматовдун тушунда курулган жол кайра оңдоло баштады


Ош шаарындагы Тилеке баатыр көчөсүнүн алыстан көрүнүшү.
Ош шаарындагы Тилеке баатыр көчөсүнүн алыстан көрүнүшү.

Ош шаарынын Тилеке баатыр көчөсүндө оңдоо иштерине байланыштуу жолдун базар тушу эки күнгө жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 6-8 июнь күндөрү жолдо чуңкурларды жамоо иштери жүрөт. Натыйжада Тилеке баатыр-Райимбеков (мурдагы Зайнабидинов) көчөлөрүнүн кесилишинен, Тилеке баатыр-Монуев көчөлөрүнүн кесилишине чейинки аралыктагы жол убактылуу жабылат.

Жунусов ошондой эле Масалиев көчөсү да жамоодон өтөрүн, буга чейин Ленин жана Курманжан датка көчөлөрү жамалганын билдирди. Ал белгилегендей, жамоо иштерине 2018-жылга карата шаар бюджетинен 2 млн. сом бөлүнгөн.

Тилеке баатыр көчөсү Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун тушунда курулган. Мурдагы шаар башчы бул жолду Кара-Суу көчөсүнөн ары, Ош эл аралык аэропортуна кеткен жолдогу Манастын эстелигине чейин курууга убада берген. Ага жетпей өзү, кызматтан кеткен.

Мелис Мырзакматов Ош шаарын 2009-2013-жылдары башкарып турган. (ErN)

XS
SM
MD
LG