Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:17

 "Мой Город" агенттиги мигранттарга акы төлөй баштады


«Мой Город» агенттиги аркылуу миңдей киши иштеген.

Москвада "Мой Город" ортомчу агенттиги аркылуу иштеген кыргызстандык мигранттарга эмгек акы төлөнө баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

«Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 4-июндан тартып айлык акы төлөнө башталды. Азыркы күндө отуз кишиден турган бригадага 500 миң рубль төлөнүп берилди. Кезекте калган жарандарга айлыктары төлөнүп берүүсү каралып жатат» деп билдирди "Фейсбуктагы" баракчасында Самат Токтоболотов.

28-майда элүүдөй мигрант Москвада "Мой Город" агенттигинин жетекчилигинен маяна төлөп берүүнү талап кылып чогулган. Мигранттар ортомчу агенттик аркылуу бир миңден ашуун адам иштегенин, алардын дээрлик 90 пайызы кыргызстандыктар болгонун айтышкан.

Алар өкмөттүк "Мосгортранс" мекемесинин Москва шаарындагы жана облусундагы автопарктарын жууп-тазалашкан.

Агенттиктин юристи Александр Бобров "Мосгортранс" мекемеси тиешелүү төлөмдөрдү өткөрбөгөндүктөн 700дөй жумушчуга эмгек акы төлөнбөй жатканын моюнга алган.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгү жалпысынан быйыл төрт айда миңден ашуун адам 48 миллион рублдай эмгек акысын албай кайрылганын маалымдаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG