Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Бишкекте кыз ала качууга каршы флешмоб өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги борбордук аянтта бүгүн “Биз, жаштар - кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!” деп аталган флешмоб өтөт. Акция "Enactus Кыргызстан" уюмунун, Билим берүү жана илим министрлигинин жана өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосунда уюштурулууда.

Флешмоб аркылуу Кыргызстандын студенттери кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршы экенин билдиришет. Ага Бишкектеги кесиптик билим берүү лицейлеринин, коллеждердин, жогорку окуу жайларынын студенттери чыгып, кыз ала качууну, кыздарды эрте турмуш курууга мажбурлоону токтотууга коомчулукту чакырышат. Уюштуруучулар акцияга жалпысынан беш миңдей студент катышуусу күтүлүп жатканын айтышты. Ошондой эле флешмобдун эстафетасы өлкөнүн башка аймактарына да жиберилет.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыздардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуунун мүшкүлүн күн тартибине алып чыкты.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG