Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Жээнбеков Бээжинге барды


Президент Сооронбай Жээнбеков жетектеген кыргызстандык расмий делегация Бээжинге барды. Аэропорттон аны ардактуу кароолдун ротасы тизилип, Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды.

Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен 6-8-июнда Кытайда мамлекеттик сапарда болот. Бээжинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу менен жолугат.

Андан ары 9-10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Циндао шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына катышат.

Саммиттин жүрүшүндө ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташтыкты талкуулайт.

Бул саммитте кытай тарап ШКУдагы төрагалыгын (2017-2018-жж.) жыйынтыктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берери пландалууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG