Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 03:22

Ошто паспорт берүү мекемесинин кызматкерлери кылмышка шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто паспорттук-виза мекемесинин кызматкерлери кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады.

Көзөмөл органынын маалыматына караганда, 2016-жылдын июнь айында алар расмий документтерди бурмалап толтуруп, жергиликтүү тургундардын бирине башка адамдын аты менен паспорт жазып беришкен. Кийин ал адам ошол паспорт менен Түркияга чыгып кеткен. Бирок аты жазылган адам паспорт-виза мекемесине паспорт сурап кайрылбаганы аныкталган.

Прокуратура ал адамдын мыйзам менен корголуучу укуктары бузулду деп эсептейт. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG