Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

"Чечме-автодорожный" өткөрмө бекетинде чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген киши кармалды


Кыргыз-өзбек чек арасы, Сох анклавы
Кыргыз-өзбек чек арасы, Сох анклавы

Кечээ "Чечме-автодорожный" өткөрмө бекети аркылуу жарандыгы жок киши Өзбекстандын Сох анклавынан автобуска бекинип алып, чек арадан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүүгө аракеттенгени үчүн кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Ю.А. аттуу 1960-жылы туулган киши автобустун салонундагы отургучтардын ортосуна жашынып, Кыргызстанга кирүүгө аракеттенген. Аны кыргыз чек арачылары текшерүү жүргүзүп жатып, таап алышкан. Сурак учурунда ал киши чек арадан мурун да жөө өтүүгө аракеттенгени жана анда тиешелүү документтери жок болгондуктан өтө албай калганы аныкталган. Кармалган киши паспорттук көзөмөлдөн качып, бекинип өтүүгө аракеттенгенин мойнуна алган. Азыр ал Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө жеткирилген.

XS
SM
MD
LG