Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 11:02

Таластагы Герцен музейин туристтик картага киргизүү тапшырылды


Алтынай Өмүрбекова Герцен музейинде.

Таластын Ак-Дөбө айылында жайгашкан Теодор Герцен атындагы көркөм музей Кыргызстандын туристтик картасына милдеттүү түрдө киргизилиши керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн Бакай-Ата районунда жумушчу сапарында жүргөндө айтты. Ал мындай музейлер сактап калуу зарыл болгон улуттук маданий баалуулук экенин белгиледи:

- Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү өз аймагынын брендин алып чыгуу менен алектениши керек. Анткени ар бир аймак кайталангыс жери менен өзгөчөлөнүп турат, аларды туристтерди жана инвестиция тартуу менен алга жылдыруу абзел.

Райондук статуска ээ болгон музей 1959-жылы негизделген жана азыр анда ар түрдүү 200дөн ашуун экспонат сакталып турат. Учурда музейди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүү жагы каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG