Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:05

“Фейсбук” колдонуучулардын жеке маалыматтары боюнча “Хуавей” менен келишимди бузат


"Фейсбук".

“Фейсбук” социалдык түйүнү ушул жуманын этегине чейин колдонуучулардын жеке маалыматтары боюнча кытайлык “Хуавей” компаниясы менен түзүлгөн келишимди бузат. Бул тууралуу “Нью Йорк Таймс” гезити жазды. Ага чейин Вашингтондун өкүлдөрү “Хуавей” кытай бийлиги менен кызматташкандыктан аны "АКШ үчүн коркунуч" деп атаган.

Жакында “Нью Йорк Таймс” гезити “Фейсбук” акыркы он жылда "Apple", "Samsung", "Amazon", "BlackBerry" жана "Microsoft" сыяктуу телефон чыгарган 60тай компания менен келишим түзгөнүн маалымдаган. Бул келишим компанияларга колдонуучулардын макулдугу жок эле алардын социалдык түйүндөрүндөгү жеке маалыматтарын көрүүгө жол ачкан.

“Фейсбуктун” өкүлдөрү телефон чыгарган компаниялар менен түзүлгөн бардык келишимдер компаниянын эрежесине жана АКШ мыйзамдарынын талабына ылайык келерин билдирүүдө. Компания ушул аралыкта жеке маалыматтарды кыянаттык менен пайдаланылган учурлар катталбаганын белгилеген.

Быйыл Британиядагы "Cambridge Analytica" компаниясы ар кайсы өлкөлөрдө саясий өнөктүккө колдонуу максатында "Фейсбуктун" колдонуучуларынын жеке маалыматын топтогону ачыкка чыккан. Соңку маалыматка караганда, бул компания 67 миллион колдонуучунун маалыматын алган.

Буга байланыштуу "Фейсбуктун" жетекчиси Марк Цукерберг АКШнын Сенаты менен Эл өкүлдөр палатасында көрсөтмө берип, компаниясы жеке маалыматтарды уурдатып жибергенин моюнга алган. Кийин Европарламентте да ошондой мааниде кеп кылып, анын командасы жагдайды жөнгө салуунун үстүндө иштеп жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG