Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:35

Байкоңурдан Эл аралык космос станциясына үч космонавт учту


Орусиялык Сергей Прокопьев, германиялык Александр Гершт жана АКШнын астронавты Серена Аунон-Канцлер Эл аралык космостук станцияда алты ай болот.

6-июнда Байкоңурдан Эл аралык космос станциясына "Союз" космостук кемеси менен үч космонавт учурулду. Орусиялык Сергей Прокопьев, германиялык Александр Гершт жана АКШнын астронавты Серена Аунон-Канцлер эл аралык космостук станцияда алты ай болот. Алар бул мезгилде илимий изилдөө иштерин жүргүзөт. Космонавттар Эл аралык космос станциясына 8-июнда жетет деп болжолдонууда.

Жерден 400 чакырым ыраактагы орбитада жүргөн Эл аралык космос станциясында азыр эки америкалык астронавт жана бир орусиялык космонавт бар. Станциянын командири Дрю Фейстел жана инженер учкучтар Рики Арнольд менен Олег Артемьев мартта учкан. Алар Жерге 14-июнда кайтып келгени турушат.

XS
SM
MD
LG