Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Чүйдүн милиция башчысынын орун басарлары дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук милиция башчысынын орун басарлары дайындалды. Бүгүн ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков облустук башкармалыктын өздүк курамына орун басарлар Бактыбек Нарчаевди, Айбек Ажыбаевди жана облустук криминалдык милиция кызматынын башчысы Айбек Осмоналиевди тааныштырды.

Бактыбек Нарчаев 42 жашта, буга чейин Чүйдүн криминалдык милиция кызматын башкарып турган.

Айбек Ажыбаев 47 жашта. Азыркы кызматка келгенге чейин Бишкек милициясынын кабыл алып бөлүштүрүүчү жайынын башчысы болуп иштеген.

Ал эми 39 жаштагы Айбек Осмоналиев ИИМдин Кылмышкерлерди издөө башкармалыгын жетектеген.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев орун басарлары Марлис Асанов жана Канат Жумаев менен кошо 4-июнда иштен алынды. Мындан тышкары, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Исмаилов да кызматынан бошотулган.

Кызматтык иликтөөдөн кийин жалпысынан 23 адам жазаланды, алардын 13ү бошотулду.

Өткөн аптада Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызын ала качып баратып кармалган киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Прокуратура милиция кызматкерлерине "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду, аны атайын кызматтын райондук бөлүмү тергеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG