Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Макрон Ирандын өзөктүк маселеси боюнча пикирин айтты


Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон АКШнын Ирандын өзөктүк келишиминен чыгуу боюнча чечимине байланыштуу Тегеран уран байытуу кубатын кайра кеңейтүүгө киришкени кабарлангандан кийин тараптарды "жаңжалдан" оолак болууга чакырды.

Ал 5-июнда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен бирге өткөргөн Париждеги басма сөз жыйынында "аягы чыр-чатакка алып бара турган чыңалууга жол бербөөгө" үндөдү. Франциянын президенти Тегерандын соңку жарыясынын опурталдуу экенин белгиледи.

Иран Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттигине (МАГАТЭ) уран байытуу кубатын кеңейтүүгө киришкенин кабарлады. Тегерандын мындай чечимин Израил дароо сындап чыкты. Ирандын бийлиги 2015-жылдагы өзөктүк келишим жокко чыгып кала турган шартка даярданып жатканын айтууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп 8-майда 2015-жылдагы келишимден чыкканын жарыялаганда, Иран баллистикалык ракеталарды сыноо, Жакынкы Чыгышта террордук ишмердикти колдоо аркылуу келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. Анын калган катышуучулары: Британия, Франция, Германия, Кытай, Орусия жана Иран азырынча келишимди сактай турганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG