Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Чехияда демонстранттар премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылышты


Демонстранттар “Биз күчтүү өкмөттү каалайбыз!”, “Биз коммунисттердин бийликке келишине жол бербейбиз!” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту.
Демонстранттар “Биз күчтүү өкмөттү каалайбыз!”, “Биз коммунисттердин бийликке келишине жол бербейбиз!” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту.

Чехиянын баш калаасы Прагада миңдеген адамдар борбордук аянтка нааразылык акциясын өткөрүп, премьер-министр Андрей Бабиштин кызматтан кетишин талап кылышты. Алар “Биз күчтүү өкмөттү каалайбыз!”, “Биз коммунисттердин бийликке келишине жол бербейбиз!” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту.

Былтыр октябрда өткөн шайлоодо Бабиш башында турган АНО аттуу кыймыл жеңип чыккан. Андан соң президент Милош Земан Бабишти премьер-министрликке дайындап, өкмөт куроону тапшырган. Бирок башка партиялардын лидерлери министрлер кабинетин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан.

Алар муну Бабишке каршы тергөө иштери жүрүп жатканы менен түшүндүрүшкөн. Кийин бул өкмөткө парламент ишеним көрсөтпөй койгон. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Социал-демократиялык партиянын лидери АНО менен алдын-ала бийлик коалициясын түзүү боюнча макулдашууга кол койгону белгилүү болду. Акыркы чечим 15-июнда кабыл алынат. Жергиликтүү медиада АНО менен социал-демократтар парламенттеги коммунисттердин колдоосуна таянууну көздөп жатышканы тууралуу маалыматтар чыгып кеткен. Ушундан улам бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер бул коммунисттердин бийликке келишине жол ачарын белгилеп жатышат.

Бабишке каршы акциялар жазында да өткөрүлгөн. Бул жолу демонстранттар өкмөт башчы кызматтан кетмейинче акция улана берерин айтышууда.

XS
SM
MD
LG