Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Парламент КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун угуп бүттү


КТРК имараты.
КТРК имараты.

Жогорку Кеңеш бүгүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча отчетун угуп, аны эске алуу чечимин кабыл алды. Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев депутаттарга маалымат берип, жыл ичинде төрт жолу жыйын өткөрүүгө тийиш болсо, айрым муктаждыктарга байланыштуу кеңеш 13 кезектеги жана кезексиз жыйынга чогулганын айтты.

«Байкоочу кеӊештин жыйындарында негизинен КТРКнын контентин жакшыртуу, санариптик көрсөтүүгө өтүүгө даярдык көрүү маселелери, материалдык-техникалык абалды жакшыртуу чаралары, каржылык-чарбалык иштер сыяктуу кечиктирилгис маселелер каралды», - деди Жекшеев.

Айрым депутаттар КТРК курч саясий окуялар учурунда маалыматты бейтарап бербестен, кээде түздөн-түз каралоо болгонун айтышты.

Каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков КТРКнын чыныгы көз каранды эместигин камсыз кылуу үчүн мыйзамды өзгөртүү керектигин билдирди.

Бүгүнкү жыйында Байкоочу кеңештин өзүнүн ичинде пикир келишпестик бар экени анык болду. Кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев “жылдык отчетту саясий оюндар менен кабыл алганбыз” деп билдирди.

КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 адамдан турат. Анын бешөөнү өлкө президенти, бешөөнү парламент жана калган бешөөнү жарандык коомдун сунушу менен беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш шайлайт. (RK)

XS
SM
MD
LG