Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:32

Мурдагы президент, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев партиянын мүчөлөрү Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду камакка алуу тууралуу чечим коррупция менен күрөшүү эмес деп эсептейт. Бул тууралуу анын бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат.

“Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим, бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскө кардиналы катары белгилүү “Раим-миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу. Исаковду, Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам. Алар тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем. КСДПнын жигердүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри С.А. Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты О.М. Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм. Коррупцияга каршы кызматтын учурдагы директору сыяктуу элпек достору өлкө президенти С.Ш. Жээнбековду опурталдуу жолго түртүп жатышат. Мен ага өзүнө мурун эскерткен элем, ал эми ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн басма сөз жыйынымда айтканга аргасыз болдум" деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Президенттик аппарат Атамбаевдин бул билдирүүсүнө байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, -20 градустан ашкан суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган.

Бүгүнкү күнгө карата бул иш боюнча Энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, Жалал-абаддын экс-мэри Салайдин Авазов, "Электр станцияларынын" башчысы жана орун басарлары УКМКнын тергөө абагында камакта отурушат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG