Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Чолпон-Атада санаторийдин кайык станциясынан ири өлчөмдө баңгизат табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш боюнча Ысык-Көл жана Нарын облустук башкармалыктарынын кызматкерлери «Көмүскөдөгү жай» операциясын өткөргөндө ушундай фактынын бети ачылган.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, аларга «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин кайык станциясында ири өлчөмдө баңгизат мыйзамсыз сакталганы жөнүндө ыкчам кабар келип түшкөн. Бул маалымат боюнча аталган объектини текшерген учурда капка салынган, жыты бар өсүмдүк табылган. Баңгизат 35 жаштагы жергиликтүү тургунга тиешелүү экени да аныкталды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча салмагы 30 килограмдык баңгизат кара куурайдын түрүнө киргени аныкталган. Бул факты боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Баңгизат менен кармалган адам Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (AsM)

XS
SM
MD
LG