Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Кыргыз-кытай элчиликтери үчүн жер бөлүп берүүчү келишимге кол коюлган жок


Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзинпин
Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзинпин

Кыргызстандын жана Кытайдын элчиликтери үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлган жок. Бул тууралуу "Азаттыктын" Кытайда жүргөн кабарчысы маалымдады.

Буга чейин Кыргызстандын жана Кытайдын лидерлери Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзинпин эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган биргелешкен 10 документке кол коёру айтылган. Анын ичинде эки өлкөнүн элчиликтери үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча да келишим бар болчу. Бирок бүгүн маалым болгондой белгисиз себептерден улам ал келишимге кол коюлган жок.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилиги турган 3 гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө макул болгону кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланган.

Кытай буга жооп кылып Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн Бээжиндин борборунан 25 сотых жер бөлүп, элчиликтин имаратын, анда иштегендерге турак жай салууга жардам бермек. (KE/KR)

XS
SM
MD
LG