Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Еврокомиссия АКШга бажы төлөмү боюнча жооп иретинде чара көрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа комиссиясы америкалык товарларга суммасы 2,8 млрд. доллар болгон бажы төлөмүн жооп катары киргизүүнү колдоду. Жаңы тарифтер июлдан тартып иштей баштайт. Еврокомиссия тараткан маалыматта бул чаралар Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине толук ылайык келери белгиленген.

Жаңы бажы тарифи америкалык айыл чарба жана темир-тезек, косметика, кийим, мотоцикл, кайык, ошондой эле жер жаңгак майы, апельсин ширеси, виски, тамеки сыяктуу өндүрүмдөргө киргизилет.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы өткөн жумада кабыл алган бажы төлөмүн жогорулатуу боюнча чечиминен Евробиримдиктин тарта турган чыгымы 6,5 миллиард еврого бааланып жатат. Брюссел алдыдагы үч жылда дагы суммасы 3,6 милилард евро болгон бажы төлөмүн киргизмекчи.

Еврокомиссиянын соода маселелери боюнча өкүлү Сесилия Мальмстрём муну АКШнын бир тараптуу жана мыйзамсыз чечимине жараша чыгарылган "салмактуу жана туура" жооп катары сыпаттады.

Кошмо Штаттар Европа Биримдигинен, Мексикадан жана Канададан болот жана алюминий импорттоого бажы төлөмүн 1-июнда көтөргөн. Бул өлкөлөрдөн болот алып кирүүнүн төлөмү 25 пайызга, алюминийдики 10 пайызга көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG