Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Жээнбеков Кытайга Кыргызстанда электромобил чыгарган завод курууну сунуш кылды


Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзинпин. Бээжин. 6-июнь, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзинпин. Бээжин. 6-июнь, 2018-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда электромобилдерди чыгарган биргелешкен заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү Кытайга сунуш кылды. Бул тууралуу ал 6-июнда Бээжиндеги мамлекеттик сапарында Кытай төрагасы Си Цзинпин менен сүйлөшкөн учурда билдирди. Жээнбеков “жашыл экономикага” өтүү тенденцияларына токтолду.

- Биздин өлкөбүз кытай электромобилдерин чыгаруу, аны Борбор Азия жана ЕАЭБге экспорттоо үчүн аянтча болуп бермек. Сиздин “Бир алкак – бир жол” демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда, биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багыты келечектүү деп эсептейм.

Кытай тарап Кыргызстандан таза айыл чарба азыктарын алууга кызыкчылыгы бар экенин жана өлкөгө таза суу жеткирүү боюнча долбоорлорго көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапары 6-июнда башталган. Бул күнү ал Кытайдын төрагасы менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жыйынтыгында эки өлкө лидерлери стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Мындан сырткары Кыргыз-Кытай алакасын бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге да кол коюлду.

Бүгүн, 7-июнда Жээнбеков Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу менен жолугат. “Эл баатырлары” монументине гүл чамбар коюп, “Кытай темир жол курулушу корпорациясынын” өкүлдөрү менен кездешет.

Жээнбековдун Бээжиндеги мамлекеттик сапары 8-июнга чейин уланат. Андан кийин 9-10 июнда Кытайдын Циндао шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмундагы мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG