Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 07:12

Исаковдун адвокаттары бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сотко кайрылат


Сапар Исаков.

Камакка алынган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз берилет. Бул тууралуу Исаковдун адвокаты Учкун Каримов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, арызда мурдагы премьерди камакка алуу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, үй камагына чыгаруу жөнүндө өтүнүчү айтылат.

“Учурда арыз даяр. Сапар Исаков менен макулдашып, андан соң шаардык сотко тапшырабыз”, - деди Каримов.

Сапар Исаковго "Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланган" деген айып коюлуп, Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон. Алгач ага "эч жакка чыкпоо" жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген.

Бирок 5-июнда тергөө органдары Исаковго тагылган айыптын оордугун эске алып, ошондой эле "тергөөгө басым жасашы мүмкүн" деген жүйө менен камакка алууну өтүнүп сотко кайрылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалап келет. (BkA)

Сапар Исаков камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG