Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Кытай Кыргызстанга гранттык негизде 600 миллион юань берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз гранттык негизде 600 миллион юань берет (болжол менен 94 миллион АКШ доллары). Тиешелүү макулдашууга президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапарында жетишилди. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Панкратовдун айтымында, бул каражат жол куруунун үчүнчү фазасына жана фитосанитардык лабораторияларды курууга жумшалат. Акча 2020-жылдан баштап бериле баштайт.

Экономика министри Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуу 2017-жылы 1 миллиард 600 миллион долларды түзгөнүн айтып, ал мурдагы жылга салыштырмалуу 10 пайызга азайганын кошумчалады. Министр муну ири долбоорлордун кыскартылып кеткени менен байланыштырды. Ошондой эле жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-кытай темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, бул багытта эксперттик топтор иш алып барып жатканы маалым болду.

Кечээ мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган биргелешкен он документке кол коюлган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен 6-8 июнда Кытайда мамлекеттик сапарда болот. Бул күндөрү Жээнбеков Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу менен жолукту. Андан соң президент Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катышат. (KE/KR)

XS
SM
MD
LG