Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Сания Шакирова түшкөн унаанын айдоочусу мас абалында болгон


"Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова.
"Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова.

“Дүйнөнүн сулуу айымы” конкурсунун катышуучусу Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгында унаанын айдоочусу мас абалында болгон.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан соң экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында 31 жаштагы айдоочу спирт ичимдигин ичкени аныкталды.

Бүгүн сотто айдоочунун бөгөт чарасы каралат.

2-июнда болгон жол кырсыгы “Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова каза таап, айдоочуну кошкондо эки адам жабыркаган.

Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында болгон. Сания Шакирова жана анын болочок жолдошу түшкөн таксинин айдоочусу автоунааны башкара албай калып, жолдун четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн.

30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн "Miss Universe Beauty-2018" сынагына катышып, "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталган. Ал эми "Дүйнөнүн эң сулуу айымы" титулун орусиялык катышуучу алган. Маркумдун артында үч баласы калды. (AsM/BkA)

XS
SM
MD
LG