Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Абдылдаев: Кытай элчилигине жер бөлүүнүн ички процедурасы аяктай элек


Эрлан Абдылдаев.
Эрлан Абдылдаев.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн элчиликтери үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча келишимге кол коюлбай калышынын себебин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев түшүндүрдү. Бээжинге барган делегациянын курамындагы башкы дипломаттын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул келишимдин тегерегинде ички макулдашуу жүрүп жатат. Андыктан келишимге кол коюу кийинкиге калды.

Буга чейин Кыргызстандын жана Кытайдын лидерлери Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзинпин эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган биргелешкен 10 документке кол коёру айтылган. Анын ичинде эки өлкөнүн элчиликтери үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча да келишим бар болчу. Бирок бүгүн маалым болгондой белгисиз себептерден улам ал келишимге кол коюлган жок.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилиги турган 3 гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө макул болгону кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланган.

Кытай буга жооп кылып Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн Бээжиндин борборунан 25 сотых жер бөлүп, элчиликтин имаратын, анда иштегендерге турак жай салууга жардам бермек. (KE/BkA)

XS
SM
MD
LG