Ирактын борборунун "Садр шаар" деген районунда курал жана ок-дары кампасы жарылды. Андан кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылгандан тышкары, дагы токсондой киши жарадар болду. Жабыр тарткандардын арасында аялдар менен балдар да бар.
Полициянын билдиргенине караганда, жарылуу болгон кампадагы оор, анын ичинде танкка каршы ракета атуучу куралдар, снаряддар кайсы бир куралдуу топко тиешелүү. Коопсуздук мекемелери учурда иликтөө жүргүзүп жатышат.
Күбөлөрдүн айтымында, жарылуудан шииттердин популист диниятчысы жана кошуун башчысы Муктада ал-Садрдын таянычы катары саналган Садр районунда үйлөр менен имараттар да бузулган.
Садрдын жактоочулары быйыл 12-майда өткөн парламенттик шайлоодо орундардын көбүн алган болчу. Ал шайлоодогу бурмалоолор тууралуу айыптарга жооп иретинде 6-июнда парламент добуштарды кайра саноого буйрук берген. (UE)