Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

КТУнун кафедра башчысы пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Кыргыз техникалык университетинин (КТУ) кафедра башчысы студенттен 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул кызматка КТУнун студенти кайрылып, мугалим дипломдук иш даярдоо үчүн 20 миң сом талап кылып жатканын билдирген. Бул арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу” беренеси боюнча иш козголгон. 4-июнда болсо ал ыкчам издөө иштеринин натыйжасында студенттен пара алып жаткан учурда кармалды.

Финполиция студенттерге мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары боюнча арыз менен кайрылууга чакырды. (BkA)

XS
SM
MD
LG