АКШнын президенти менен Жапониянын премьер-министринин сүйлөшүүлөрү бүгүн өтүшү күтүлүүдө.
- АКШ менен Түндүк Кореянын тарыхый саммитинин алдында мен президент Трамп менен өзөктүк курал, ракеталар, эң башкысы - уурдалгандар маселесин илгерилетүүнү координациялаш үчүн жолугам. Мен АКШ -Түндүк Корея саммити ийгиликтүү болушун камсыз кылгым келет, - деди Абе Токиодон Вашингтонго жөнөп жатып.
Буга чейин жапон премьер-министри “эгер Түндүк Корея БУУнун резолюцияларын аткарып, өзөктүк куралдан толук, текшерилген жана кайра кайрылгыс жол менен арылса жана Жапониядан мыйзамсыз уурдалып кеткен адамдарды артка кайтарса, бул маанилүү иштер аткарылганына биз ынанып, канааттансак - акыр аягында Токио да Түндүк Корея менен кызматташтыкка бара алат”,- деп билдирген.
АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин алгачкы жолугушуусу 12-июнда Сингапурда өткөнү турат. Ага чейин Канада да 8-9-июнь күндөрү "Чоң жетинин" саммити болот. Бул жыйынга президент Дональд Трамп, премьер-министр Синзо Абэ да барат. (UE)