Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Владимир Путин түз байланыш өткөрүүдө


Путин түз байланышка келген учур. 7-июнь, 2018-жыл.
Путин түз байланышка келген учур. 7-июнь, 2018-жыл.

Орус президентинин быйыл эл менен он алтынчы ирет өтүп жаткан түз байланышы ал президенттигинин алты жылдык төртүнчү мөөнөтүнө киришкенден бир айдан кийин болуп жатат.

Сөзүнүн башында Владимир Путин өзүнүн жаңы мөөнөткө карата экономикалык максаттарын түшүндүрүп, ички дүң өнүм өсөрүнө, бюджет акыл-эстүүлүк менен сарпталып, салык системасы натыйжалуу иштерине үмүттөнөрүн билдирди. Ал кайра шайлангандан кийин түзүлгөн, бирок олуттуу өзгөрбөгөн өкмөттүн курамын “оптималдуу” деп атады.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, бир нече саатка созулуучу түз байланыш учурунда Путин элден түшкөн эки миллиондой суроонун ичинен иргелип алынгандарына жооп берет.

Орус президентинин беделин көтөрүп туруу максатында жыл сайын уюштурулуучу түз байланыш - адатта күн мурунтан даярдалып, башкарылган жараян.

Путин менен суроо-жоопту мамлекеттик төрт телеканал көргөзүп, үч радио чагылдырууда. (UE)

XS
SM
MD
LG