Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, май айында өлкөдө бензин менен дизелдин баасы он пайызга көтөрүлдү.
Буга Орусиянын заводдорунун өндүрүмү кескин кымбаттап кеткени себеп болду.
Орусия өндүрүшүндөгү мындай абалдан улам Кыргызстандагы компаниялар бааны эки сомго көтөрүшкөн. Жакынкы убакта алар бааны дагы 2-3 пайызга жогорулатышы ыктымал. (NT)