Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:12

Казакстан: Кытайда кармалган казактарды бошотуу талабы коюлду


Казакстандын Алматы шаарында өткөн басма сөз жыйынынын катышуучулары. 7-июнь, 2018-жыл.
Казакстандын Алматы шаарында өткөн басма сөз жыйынынын катышуучулары. 7-июнь, 2018-жыл.

Кытайда камакта отурган казак улутундагы Ертай Султанбектин туугандары 7-июнда басма сөз жыйынын өткөрүп, казак бийлигинен көмөк сурады. Алар Ертай Султанбек быйыл 25-майда кармалганын, ошондон бери кабарсыз экенин билдиришти.

Агасы Жеңишбек Султанбектин маалыматына караганда, иниси камалган кезде Казакстандагы туугандарына “Элбашыдан алкыш кагаз алганым үчүн күнөөлүүмүнбү?” деген мазмунда кат жөнөткөн. Ал Ертай Султанбектин диний экстремизмге катышы жок экенин, Кытайда анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралып жатканын кошумчалады.

Жарандык активист Серикжан Билеш Ертай Султанбек акын, композитор экенин, 2007-жылы казак президенти Нурсултан Назарбаевге “Нураганын монологу” деген поэма арнаганын маалымдады. 2008-жылы президент авторго ыраазычылык кат жиберген.

Басма сөз жыйынын өткөргөндөр Назарбаевдин Кытайдагы сапарында казактардын маселелерине бийликтин көңүлүн буруу максатын көздөп жатканын айтышты.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 177 казак Кытайдан чыга албай туткунда калган. Астана “саясий жактан кайра тарбиялоо” жайына түшкөн казактарды бошотуу боюнча Бээжинге бир нече жолу кайрылган.

Кытайда бир катар кыргыз улутундагы жарандар да кысымга кабылып, бир тобу камалып кеткенин былтыр алардын жакындары "Азаттык" радиосуна маалымдашкан. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапарында бул маселенин көтөрүлгөнү кабарланган жок. (NT)

XS
SM
MD
LG