Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 13:07

Кыйноодон запкы жегендерди колдоого арналган турнир өтөт


Турнир Футбол федерациясынын оюн талаасында өтөт.

17-июнда Кыргызстандын Футбол федерациясынын оюн талаасында Кыйноонун курмандыгы болгон адамдарды колдоонун эл аралык күнүнө карата мини-футбол турнири өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыйноого каршы коалиция кабарлады.

Турнирге мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен жыл сайын 26-июнда дүйнөдө кыйноонун ар кандай түрлөрүнө кабылган адамдарга колдоо көрсөтүү максатында иш-чаралар, талкуулар жана акциялар уюштурулат.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, быйылкы жылдын алгачкы төрт айында 93 арыз келип түшкөн. Алардын 44ү түздөн-түз кыйноого кабылган фактылар боюнча. Калгандарынын мазмуну соттолуучуну башка абакка которуу, камерадагы шарттын начардыгы жана башка маселелер тууралуу болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG