Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Ооганстанда парламент депутаты турган үйгө кол салуу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын Нангархар провинциясында согушкерлер депутаттын үйүнө кол салганда 3 киши мерт болду, бирок мыйзам чыгаруучу ал убакта үйдө жок болчу. Губернатордун басма сөз катчысы Атаулла Хогияни маалымдагандай, жанкечти чөлкөмдүн борбору Жалалабад шаарында парламент мүчөсү Феридон Моманд жашаган турак жайды жардырууга аракеттенген, бирок тартип коргоочулар аны атып өлтүрүүгө үлгүрүштү. Дагы бир куралчан киши ок аткан. Атышууда полиция кызматкери, эки карапайым киши окко учту, дагы 5 киши жараланды. Полициянын огунан кеминде дагы бир согушкер өлдү. Окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

XS
SM
MD
LG