Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Австралия аскерлеринин Ооганстандагы аракеттери иликтенүүдө


Austria -- A damaged Australian flag (R) flies next to the Toyota flag at their Toyota Motor Corporation Altona manufacturing plant in Melbourne on February 10, 2014.
Austria -- A damaged Australian flag (R) flies next to the Toyota flag at their Toyota Motor Corporation Altona manufacturing plant in Melbourne on February 10, 2014.

Австралия өкмөтүнүн комиссиясы өлкөнүн атайын күчтөрү Ооганстанда согуш кылмыштарына барган-барбаганын жашыруун иликтеп жатат. Бул тууралуу Австралиянын маалымат каражаттары жазышты.

Ачыкка чыгып кеткен документке ылайык, Аба күчтөрүнүн тандалма бөлүгүнүн аскерлери “операциялар убагында уруксат берилбеген жана мыйзамсыз ыкмаларды пайдаланып зомбулукка барышкан”.

Андай учурларды текшерүү 2016-жылы башталган. Анын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин өкүлдөрү жана социолог Саманта Кромпвец ондогон жоокер менен сүйлөшкөн. Бирок азырынча баяндаманын мазмуну купуя бойдон турат.

Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө “австралиялык күчтөргө байланышкан дооматтар жакшылап териштирилери” айтылат.

Австралиянын аскерлери Ооганстанда 17 жыл талибдерге каршы күрөшүп келишкен. Ушу тапта ал жерде 300дөй жоокер калган.

XS
SM
MD
LG