Орусия президенти Владимир Путин жума күнү Кытайга барды. Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында Кытайдын лидери Си Цзинпин менен сүйлөшүүдө эки тараптуу, регионалдык жана эл аралык маселелер талкууланмакчы. Казакстан менен Кыргызстандын президенттери Бээжинге 6-июнда барышкан.
Кытайдын бийлиги билдиргендей, Ирандын президенти Хасан Роухани да Бээжинге 8-июнда барат. Саммит ишемби-жекшемби күндөрү Циндао порттук шаарында өтмөкчү.
Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) 2000-жылдардын башында Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн. 2007-жылы аларга Индия жана Пакистан кошулган, Иран болсо уюмга кирүү ниетин билдирип келет.
Талдоочулар жолугушууда Владимир Путин, Си Цзинпин жана Роухани АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгарын жарыялагандан кийинки жагдайды өзүнчө талкуулашы мүмкүн экенин айтышууда. Бирок бул маселе саммиттин күн тартибине кирген эмес.
Кытай - Ирандын ири соода өнөктөшү жана мунайын алган негизги кардарлардын бири. Бээжиндин өкүлдөрү буга чейин белгилешкендей, Вашингтон Тегеранга каршы санкцияларды жандандыруу тууралуу эскерткенине карабай, Кытайдын Иран менен түзгөн соода пландары токтотулбайт.