Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Акыйкатчы Оторбаев Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырды


Муратбек Тунгышбаев
Муратбек Тунгышбаев

Акыйкатчы Кубат Оторбаев казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырды. Акыйкатчы бул маселе боюнча билдирүүнү бүгүн таратты.

АндаТунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Казакстандын Башкы прокуратурасынын жүйөлөрүн орундатуу Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келерин билдирген.

Оторбаевдин жүйөсүндө Муратбек Тунгышбаевге Казакстанга тагылып жаткан айыптоолор Кыргызстанда мыйзам бузуу катары саналбайт. Ошондуктан, аны кылмышка шектүү катары коңшу өлкөгө өткөрүү туура эместигин Акыйкатчы институту эскертти.

Кубат Оторбаев Тунгышбаев Казакстанда саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн деп эскертип, Башкы прокуратурага коңшу өлкөнүн суранычын канааттандырбоого чакырды.

Бишкекте жашап жүргөн казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптап жатат.

21-майда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Казакстанга өткөрүп берүүгө макул болгон чечимин чыгарган.

Муратбек Тунгышбаев эл аралык уюмдарга кайрылып, Кыргызстандын атайын кызматы аны саясий негиздеги иш боюнча кармап жатканын айтып, андай аракетти токтотууга таасир этүүгө чакырган.

Кыргызстандагы бир катар укук коргоочулар да чыгып, кыргыз бийликтерин активистти өткөрбөөгө үндөгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG