Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

УКМК: Шадиевге таандык деген "Ала-Арча" соода борбору боюнча тергөө бүткөн соң маалымат берилет


УКМК.
УКМК.

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлкү боюнча тергөө аяктай элек. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, экс-вице-премьердин камакка алынган айрым мүлкү боюнча суроолорго жооп берилет.

Буга чейин кылмыш иши козголгон Аскарбек Шадиевдин 25 банктык эсеби жана жакындарына катталган бир нече компания камакка коюлганы кабарланган. Алардын арасында "Трейд инвест" жана "Бината" фирмалары бар болчу. Бирок бул ишканаларга караштуу Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” соода борборунун курулушу бүткөрүлүп, 1-июнда ишке киришкен.

Ушундан улам социалдык тармактагы айрым колдонуучулар: "Камакта турган ишкана кандай негизде жаңы объектилерди ишке киргизип жатат?" деп суроо салышкан эле.

Быйыл жыл башында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгы уурдалганы ачыкка чыккан. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Акча кымырылып кеткен учурда тиешелүү комитетти Аскарбек Шадиев жетектеп, акчаны алууну сураган кызматтык катка кол койгону аныкталган.

28-апрелде болсо Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон. Бир күн мурда жардамчылары депутат дарыланууга чет өлкөгө чыгып кеткенин билдирип, аны атайын кызмат дароо төгүндөгөн.

УКМК Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин 1-июнда гана билдирип, кеткен жол картасы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык Шадиев Баткендеги Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз Тажикстанга өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө сыртынан чечим чыгарды.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG