АКШнын президенти Доналд Трамп Орусиянын «Чоң жетиге» кайтышын жактайт. "Рейтер" агенттиги кабарлагандай, бул тууралуу америкалык лидер 8-июнда Канадага аттанарда билдирди. Ал жерде өнүккөн жети өлкөнүн жетекчилери эки күндүк саммитке чогулушууда. Крымдын аннексиясынан кийин, 2014-жылы Орусиянын бул уюмдагы мүчөлүгү убактылуу токтотулган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия башка форматтагы уюмдарга көбүрөөк көңүл бураарын айтты. "Саясий жана экономикалык абал өзгөрүп жаткан кезде "Чоң жыйырма" өңдүү уюмдар маанилүүрөөк", деп кошумчалады Песков.
Канада Орусияны кайра кабыл алууга каршы көз карашы өзгөрбөгөнүн дароо билдирди. Италия өкмөтүнүн басма сөз катчысы болсо Рим Трамп менен макул экенин айтты.
2014-жылдагы окуяларга чейин Орусия АКШ, Британия, Германия, Франция, Италия, Жапония жана Канада менен бирге ошондо "Чоң сегиз" аттуу уюмдун саммиттерине катышып келген.
Ушул аптада Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын уюмга кайтышын каалай тургандыгын, бирок азырынча бул мүмкүн эмес экенин айткан. "Себеби эл аралык укукту бузуу жана уюмга мүчө болуу - бири-бирине сыйбаган нерселер", деп белгилеген канцлер.