Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Кытайдын түрмөлөрүндө 17 кыргызстандык бар


Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок
Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок

Ушул тапта Кыргызстандын 17 жараны Кытайдын түрмөлөрүндө жатат. Алардын көбү оор кылмыш, маңзат менен кармалган. Бул өлкөдө соттолгондордун төртөөнү быйыл Кыргызстанга өткөрүп беришерин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Кытай түрмөдөгү эки жараныбызды былтыр өткөрүп берген. Быйыл төрт жаранды өткөрүп беришет. Биз тийиштүү мекемелер сүйлөшүп, ишти жүргүзүп жатабыз. Аларды өткөрүп берүү боюнча жол-жоболор башталды. Ал быйыл бүтөт деп жатабыз.

Кытайда маңзат аткезчилиги оор кылмыштардын катарына кирет. Акыркы жолу Кытайда камалган кыргызстандык жарандын өлүм жазасына тартылганы 2016-жылы ачыкка чыккан. Ал кезде маңзат менен кармалып, алты жыл бою абакта жаткан кыргызстандык жаран, 51 жаштагы Светлана Кулбаева Кытайдын Үрүмчү шаарында өлүм жазасына тартылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG