Бүгүн, 9-июнда Бишкекте 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясына байланыштуу акция өтүп жатат. Ага экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук уюмдун өкүлдөрү, жарандык активисттер, белгилүү чыгармачыл адамдар катышууда. Акцияга келген жүздөй адам Уркуя Салиеванын эстелигинен Ак үйгө чейин жөө жүрүш кылышат.
27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келин, аялдардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду. Бул окуяны иликтеп чыгууну президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.
Кызматтык иликтөөдөн соң Чүй облустук милициясынын башчысы баш болгон 20дан ашуун кызматкер иштен алынган. (TSh)