Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Активисттер Ысык-Көлдүн жээгинде ишембилик өткөрүштү


Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүндө "Таза долбоор” демилгечи тобунун жаштары менен бирге жергиликтүү эл ишембилик өткөрүп, көл жээгин тазалашты.

Ишембиликке үч айыл өкмөттүн эли жана "Таза долбоордун" аймактардан келген өкүлдөрү болуп 200дөй киши катышты.

Уюштуруучулар акциянын максаты - айлана-чөйрөнү, өзгөчө туристтер көп келген жерлерди таза сактоо жана коомчулуктун аң-сезимин тазалыкка буруу экенин түшүндүрүштү.

"Таза долбоор” уюму мындан төрт жыл мурда активист жаштардан куралган. (TSh/AsM)

XS
SM
MD
LG