Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 06:48

Обончу Майрамбек Осмонов акын Шайлообек Дүйшеевдин “Көр саткандарга” аттуу ырына обон жаратып, ырдап чыкты.

Майрамбек Осмонов учурда актуалдуу болуп жаткан маселени тиешелүү тармактарга жетирүү максатында жакынкы күндөрү ырды калың элге тартууларын кабарлады.

- Жакында Асанкалый Керимбаевдин кичүү уулу кайтыш болуп, Бишкекке коюлду. Тажияга барсам, ошол жердеги балдар Улан Эгизбаев деген журналист “Көр мафиясын” таап чыкканын айтып жатышты. Ошондон бери коррупция мүрзөгө чейин жетиптир деп кейип жүргөм. Анан бир күнү интернеттен Шайлообек Дүйшеевдин ушул ырын угуп калып, эки күндөн кийин обон жараттым. Коомдогу болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган жаран катары тез арада ырдап чыктым. Ушул менин ырым жок дегенде 100 кишинин жүрөгүнө жетип, көр саткандарга “кой сатпа, уят болот” деп айтып чыкса, экен деп ишенем, - деди обончу "Азаттык" радиосуна.

Жакында “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемаларды иликтеген. Иликтөөнүн жүрүшүндө кабырлар көзү тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткени белгилүү болгон. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG