Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

“Чоң жети” Орусиянын аракетине “тез жооп кайтаруучу механизмди” түзөт


"Чоң жетинин" саммитине чогулган Европа лидерлери. 8-июнь, 2018-жыл.
"Чоң жетинин" саммитине чогулган Европа лидерлери. 8-июнь, 2018-жыл.

“Чоң жети” (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери башка өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Орусиянын “кастык аракеттерине” каршы “тез жооп кайтаруучу механизм” түзүүнү сүйлөштү деген билдирүү британ өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Документке ылайык, өнөктөштөр мындан кийин кибер жана химиялык чабуулдар сыяктуу агрессиялык аракеттерге макулдашуу менен тез арада жооп кайтарышат. “Бул кастык кылган мамлекеттердин чектен чыккан жоруктары үчүн ачык жооп берүүгө аргасыз кылган кадам” деп айтылат расмий билдирүүдө.

Британиянын премьер-министри Тереза Мей Канаданын Квебек шаарында өтүп жаткан “Чоң жетинин” самиттинде NotPetya кибер чабуулу жана Солсбериде орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлияга болгон кол салууну эске салды. Бул окуялар боюнча Лондон жана анын бир катар өнөктөштөрү Кремилди айыптап келишет.

Түзүлгөн механизмдин алкагында чалгындоо маалыматтарын алмашуу, эркин институттарды колдоо, санариптик инфрастуктураны жакшыртуу боюнча аракеттер жүрөт деп күтүлүп жатат. Бул аракеттер “чет мамлекеттин агрессиясына” жооп берүүгө жардам берет.

Самиттин алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын «Чоң жетиге» кайтышын жактарын маалымдаган. Ал эми өткөн аптада Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын уюмга кайтышын каалай турганын, бирок азырынча бул мүмкүн эмес экенин айткан. "Себеби эл аралык укукту бузуу жана уюмга мүчө болуу - бири-бирине коошпогон нерселер", - деп белгилеген Меркел.

2014-жылдагы окуяларга чейин Орусия АКШ, Британия, Германия, Франция, Италия, Жапония жана Канада менен бирге "Чоң сегиз" аттуу уюмдун саммиттерине катышып келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG