АКШ президенти Дональд Трамп Сингапурга “тынчтык миссиясы” менен Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ынга жолугушууга бара турганын жарыялады.
Трамп Сингапурга “Чон жетинин” самитинен кийин жөнөрүн жана өзүн “ишенимдүү” сезип жатканын журналисттерге айтты. Ал тарыхта АКШ менен Түндүк Кореянын президенттери эч качан жолукпаганын, бул “чалгындалбаган аймак” жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөрүн белгиледи.
"Баарлашуунун алгачкы мүнөтүндө эле Ким Чен Ындын ниетин түшүнүп жана анын тынчтыкка умтулуусу чын дилинен экени сезилбесе, “убактымды коротпойм”- деди Трамп.
Жолугушуу Сингапурда 12-июнга белгиленген. Ага даярдануу иштери кызуу жүрүп жатканын жергиликтүү басылмалар жазышты. Ишембиде The Straights Times басылмасы Ким Чен Ын Түндүк Кореядан атайын алынып келген азыктар менен тамактанарын жазды. Жекшембиде Түндүк Корея лидеринин тамак-ашын "Ил-76" учагы жеткирип келет. Аны менен кошо Сингапурга Ким Чен Ындын кортежине кошулуучу люкс класстагы Mercedes Benz автоунаасы алынып келмекчи. Ал эми Түндүк Корея башчысы өзү жетинчи сериядагы BMW автоунаасы менен жүрөт.
Сингапурдагы саммитте Трамп Ким Чен Ындан өзөктүк куралдан толук баш тартууну талап кылышы керек. Ага жооп катары АКШ Пхеньяндын коопсуздугун кепилдеп жана “саясий жумшагыраак мамиле” убада кылат деди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео журналисттерге берген маегинде. (TSh)